Бүгүн, 28-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 5 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бирөө Жалал-Абад облусунда, бири Ош шаарында катталды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1982 адам коронавирус аныкталгандан кийин көз жумду.