Бүгүн, 28-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1081 адам коронавирус менен каттоого алынды, деп билдирди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Алар:
– Бишкек шаарында – 640 адам;
– Чүй облусунда – 99 адам;
– Жалал-Абад облусунда – 91 адам;
– Ош шаарында – 71 адам;
– Баткен облусунда – 63 адам;
– Ош облусунда – 58 адам;
– Ысык-Көл облусунда – 28 адам;
– Нарын облусунда – 17 адам;
– Талас облусунда – 14 адам.
Акыркы суткада 5 бейтап көз жумду.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 121 946 адамга коронавирус жуккан.