Башкы бет САЯСАТ Азамат Арапбаев эмне үчүн чет өлкөгө чыгып кетти? Байлыктарын жашыруу же эс...

Азамат Арапбаев эмне үчүн чет өлкөгө чыгып кетти? Байлыктарын жашыруу же эс алуу үчүнбү?

97

Бир нече күн мурун депутат Азамат Арапбаев чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу “Азия ньюс” маалымат булагы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исхак Пирматов кармалгандан кийин дароо башаламандык орун алып, ызы-чуу жаралган. Анткени эки атка минердин бизнес чөйрөсүндө чогуу жүргөнү себеп болгон. Айрым эксперттер Азамат Арапбаевге “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн деп айтышууда.

Он жылдан ашуун убакыттан бери ал ири жер тилкелерин алууга, ар кандай тармактарда ишкерлик кылууга жетишкен. Кандай гана күч келбесин, ал тымызын керектүү сумманы которуп, каалаганын алган.

Ал эмне максат менен чет өлкөгө кеткен? Байлыкты жашыруу үчүнбү же эс алганыбы? Бул адамдын Кыргызстандын түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы көптөгөн ишканалары бар экендигин билебиз. Тергөө органдары акырындан тизмени түзүп жаткандыр деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин мурдагы премьер-минстр Сапар Исаков менен Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев жолугуп, жолугушу Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, саясатчылар бизнес жаатында сүйлөшүшкөнү айтылган.

Ошондой эле Азамат Арапбаевдин Ош облусунда ири байлыктары бар экени маалым болгон. Алардын ичинен эң белгилүүсү, жубайы Нурсауле Арапбаевага катталган Аравандагы цемент завод. Айрым маалыматтарга караганда, депутаттын мекемесинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен Сапар Исаков кызыкчылыгы болгон.

Белгилей кетсек, Азамат Арапбаев КСДП партиясынан депутат болгон, ага чейин “Ак Жол” партиясынын тизмегинде жүргөн. Ал Жогорку Кеңеште Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, аны премьер-министрликтен кетирүү үчүн добуш берилгенде, ал анын отставкага кетүүсүнө каршы добуш берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь