28-июнда Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин аскедик, аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы.

Ошондой эле, аскер делегациянын «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу каралган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: