Бүгүн, 29-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 10 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты.Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
Каза тапкан бейтаптар:
– Бишкек шаарында — 4,
– Чүй облусунда — 3,
– Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарында — 1.
Кыргызстанда жалпы 1992 адам коронавирус аныкталгандан кийин көз жумду.