Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Депутат бул маалыматты ырастап, сурак Кумтөр ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт.
“Мага кечээ чакыруу берип кетишти. Анда кайсы иш боюнча сурай турганы тууралуу маалымдалган эмес. Менимче Кумтөр ишине байланыштуу окшойт. Анткени буга чейин бул иш боюнча атайын кызматка (УКМК) сурак бергем. Ал эми өткөн жылдын октябрындагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине сурак бергем”,-деди ал.
Рыскелди Момбеков Кумтөр ишине байланыштуу бир ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берген эле. Ал Кумтөр алтын кенин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлганда депутат өзгөчө пикир менен чыккан.
Булак: Азаттык

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: