Бүгүн, 1-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1392 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID диагнозу аныкталганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Алар:
– Бишкек — 803,
– Чүй облусу — 197,
– Жалал-Абад облусу — 97,
– Баткен облусу — 83,
– Ош шаары — 78,
– Ош облусу — 60,
– Ысык-Көл облусу — 37,
– Талас облусу — 20,
– Нарын облусу — 17 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 126 395 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада 9 бейтап көз жумду.