Бүгүн, 2-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 51 медицина кызматкери коронавирус менен катталды.

Алар:

– Бишкек шаарында 26 адам;

– Баткен облусунда 4 адам;

– Жалал-Абад облусунда 5 адам;

– Ош облусунда 3 адам;

– Чүй облусунда 7 адам;

– Нарын облусунда 2 адам;

– Ысык-Көл облусунда 4 адам.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен жалпы 5505 медицина кызматкери катталган. Алардын ичинен 4924 адам айыкты.

Акыркы суткада стационардан 7 медик, үй карантинден 15 медицина кызматкери чыгарылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: