«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы админресурс колдонууга айыпталууда (Видео)

207

Ош шаардык кеңешине ат салышып жаткан «Биздин Кыргызстан» партиясынын талапкери Наргиза Тажибаева «Ата-Журт Кыргызстанды» админ ресурс колдонууга айыптады.

Социалдык тармакта тараган видеодо белгисиз жаран газ чыгаруу үчүн тургундарга арыз жаздырууга келгенин айткан. Ал эми видео тасмага тарткан жаран аны Газпромдун кызматкери экенин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан атынан үгүт кылып жүргөнүн билдирген.

Видону «Биздин Кыргызстан» партиясынын талапкери Наргиза Тажибаева видеону өзү Ош шаарынын Калинин массивинде тартканын Т-Медиага ырастаган. Ал төмөдөгүдөй комментарий берди.

«Ата-Журт Кыргызстан бардык админ ресурстарды колдонуп, агитация кылган бизден эч ким жок баары Газпромдун кызматкерлери келип жүрөт. Бизге жок жерден келип газ чыгарып беребиз «Ата-Журт Кыргызстанды» шайлап бергиле деп жүрөт. Бул жерде 25 жылдан бери жашайбыз баарын билебиз. Биз ал партияны шайлабасак беш жыл бою газ берилбейт экен деп жатат. 124-махаллада эшигинин алдында газ турбасы турат. Аларга берилген эмес. Жөн эле элди коркутуп алдап жатат»,– деди Наргиза Тажибаева.

Газпром компаниясынын жетекчисинин орун басары «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер Мирбек Маматов «Биздин Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү атайын провокация уюштуруп жатканын белгиледи. Ал социалдык тармактарга тараган видео тууралуу укук коргоо органдарына кайрыла турганын билдирди.

«Видеону көрүп чыктым. Биринчиден бул жерде жүргөн кызматкерлер Газпром Кыргызстан компаниясынын эч кандай кызматкерлери эмес. Газпромдун кызматкерлери андай аппараттарды колдонбойт. Видеодогу топографиялык схема жасап жүргөндөрдү мен тааныбаймын. Провокация уюштуруу максатында Биздин Кыртандын талапкери жаш балдарды аралаштырып ушундай провокация уюштуруп жатат. Бул «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына жана Газпром Кыргызстан компаниясына каралоо деп билемин. Бул материалдар боюнча укук коргоо органдарына кайрылам. Алар тийиштүү баасын берсин»,– деди Маматов.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлга белгиленди. БШКга 9 партия талапкерлердин тизмесин тапшырган. Үгүт иштери 21-июндан тартып башталган.

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы 11-майда жокко чыгарылган. Ага бир катар добуш сатып алуулар жана мыйзам бузуулар себеп болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь