Бүгүн, 3-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1352 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.
Алар:
– Бишкек шаарында 803 адам;
– Чүй облусунда 189 адам;
– Баткен облусунда 81 адам;
– Жалал-Абад облусунда 80 адам;
– Ош облусунда 67 адам;
– Ысык-Көл облусунда 37 адам;
– Ош шаарында 42 адам;
– Нарын облусунда 24 адам;
– Талас облусунда 29 адам.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 диагнозу аныкталган 8 бейтап акыркы суткада көз жумду.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 129 232 адам коронавирус менен катталган.