, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өттү. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.
Депутаттардын сунуштары эске алынып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламент жөнүндөгү» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, 2021-жылдын 5-июлунан 30-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кезексиз сессиясын чакыртуу чечими кабыл алынган.