Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

86
Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын бириккен чекиттеринин жайгашуусу боюнча сунуштар менен алмашты.
Белгилей кетсек, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь