Президент жумуш ордуна мас болуп келген судьяны кызматтан алды

100
Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.
“Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Дамирбек Оңолбеков Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду”, – деп жазылат билдирүүдө.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь