“Биздин врачтын баласы талапкерлигин коюп жатат”. Ошто үгүтчү шайлоочуларга акча сунуштап жүрөт (Аудио)

339

Ошто “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынын үгүтчүсү шайлоочуларга акча сунуштап, 11-июлда өтүүчү жергиликтүү кеңешке аталган партиянын атынан депутаттыкка ат салышып жаткан №3 тизмедеги Канжарбек Мамашов аттуу талапкерге добуш берүүсүн өтүнүп жаткан жаздыруу таркады.

Жаздырууда “Биздин Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү шайлоочуга ” “Биздин Кыргызстан” №3 тизмедеги” биздин врачтын баласы талапкерлигин коюп жаткан эле, бала-чакаңыз менен канча добуш бар? Шайлап берсеңиз тыйын-тыпырыңызды эки-үч күндүн ичинде алып барып берем” деген билдирүү калтырган. 

Аталган жаздыруу канчалык деңгээлде чындыгы бар, маалымат берилет.

Белгилей кетсек, БШК буга чейин Токмок жана Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарган. Аталган шаарларда кайрадан шайлоо ушул жылдын 11-июлунда өтөрү белгиленген.

 

 

 

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь