Elite House курулуш компаниясынын экс-башкы директору Тимур Файзиевге карата кылмыш иши токтотулган. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, Файзиев мамлекетке эки миллион доллар төлөгөн. Ошондой эле ал изделип жаткан адамдардын тизмесинен чыгарылып, учурда Ысык-Көлдө эс алып жүргөнү маалымдалды.
Дагы бир маалымат булагы редакцияга билдиргендей, ишкерге козголгон иш али жабыла элек: ага өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө гана баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок бул булак Файзиев мамлекетке эки миллион доллар төлөгөн деп да айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: