6-июлга караган суткада 8 бейтап коронавирустан каза тапты

131

Бүгүн, 6-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 8 бейтап коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, үчөө Ысык-Көл облусунда, бири Баткен облусунда катталган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2054 бейтап COVID-19 диагнозунан айыга электе көз жумду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь