Бүгүн, 7-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1198 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID диагнозу тастыкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Жаңы катталгандар:
– Бишкек шаарында — 717 адам;
– Чүй облусунда — 142 адам;
– Баткен облусунда — 88 адам;
– Ош облусунда — 75 адам;
– Ош шаарында — 60 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 53 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 39 адам;
– Нарын облусунда — 20 адам;
– Талас облусунда — 4 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 134 501 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада 9 бейтап көз жумду.