Ташиевдин ырасташынча, Инанды ушул жылдын башында үч күнгө жоголуп кеткен жана аны уурдап баратканы жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калган. Ташиев февралда болгон деген окуянын мындан башка чоо-жайын тактаган жок.

УКМКнын төрагасы Инандыга коопсуздугуна көңүл буруу тууралуу эскертүү берилгенин кошумчалады. Ошондой эле анын түрк паспортуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

“Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу түрк паспорту болгон. Ал бул паспортун чек арадан өткөндө, айрыкча чет өлкөлөргө сапарларында такай колдонгон. Анын кош жарандуулугу болгон. Эгер ал бул жакта болгондо, мындай жагдайы билингенде биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз”.

Ташиев Инандынын кыргыз жарандыгын алган жагдайларга байланыштуу материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин айтты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: