Баткенде Тажиктердин куралдуу кол салуусунун кесепетинен кыргыз чек арачысы каза болду

266

чек арачыларынын Кыргызстандын чек арачысына куралдуу кол салуусунун кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери, 1994-жылы туулган Хуснидин Хожиев каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек арачынын өлүмүнүн жагдайлары иликтенип жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тараптан да каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Окуя болгон жерде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул фактыны иликтөөнү улантууда.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 8-июлда саат 17:00 чамасында Чашмагильдан ашуусунун аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде УКМКнын чек ара кезметинин отрядына Тажикстандын чек арачылары капыстан кол салган. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь