Ошто “Бир Бол” партиясынан талапкер шайлоочуларга пара бергендиги аныкталды

90

Ош шаарында “Бир Бол” партиясынын талапкери шайлоочуларга пара бергендиги үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Арыз БШКга жана Ош АШКнын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарынын Төлөнов көчөсүндө, «Бир Бол» саясий партиясынын тарапкерлери шайлоочуларга пара берип жаткандыгы айтылууда.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында пара алуу фактысын тастыктап, Ош шаарынын тургуну Т.С. Бир Болдун штабында депутаттыкка талапкер ага шайлоо күнү добуш бергендиги үчүн 5 миң сом төлөп бергендигин көрсөттү », – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочуларга пара берүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь