Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо өнөктүгү башталды

90

Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо өнөктүгү башталды.

  • Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 18 партия катышып жатат.
  • Ош шаардык кеңештин депутаттыгына 8 партия талапкерлерин көрсөткөн.
  • Токмок шаардык кеңештин депутаттары 6 партиядан шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул жолу шайлоочулардын тизмесине 617 517 жаран катталган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 426 699 (69%) шайлоочу, Ош шаарында 152 718 (6%) шайлоочу, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын тизмесинде 38 100 (25%) жаран бар.

Добуш берүүчү тилкелер саат 20:00гө чейин ачык болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь