Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү.
Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык, төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:
- “Ата-Журт Кыргызстан” — 32.61;
- “Биздин Кыргызстан” — 31.59;
- “Улуттар биримдиги” — 14.82;
- “Бир бол” — 7.38.
Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Азыркы учурда АСУ санагы менен добуштардын 70.61 пайызы саналып бүттү.
Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.