Ошто “Биздин Кыргызтан” саясий партиясынан талапкер Актан Турапов  №5287 шайлоо тилкесинин жанында жүрөт. Мындай маалыматты аймактык кабарчы кабарлады.

Ошондой эле, талапкер Турапов аталган шайлоо тилкесинин жанында шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн журналисттердин шайлоо тилкесинин жанында эмне кылып жүрөсүз деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, тескерисинче “ТНЖ” каналынын журналисттине буйрутма (заказ) менен келгенсиңер деп, одоно мамиле жасаган.

Эскерте кетсек,мыйзамга ылайык талапкер шайлоо тилкесинин жанында жүрүүгө укуктуу эмес.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: