УКМКнын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 10-июлда акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынн өкүлү К.Э.А. кармалды. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочулардын добушун сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

«Тергөөдө такталган маалымат боюнча, К.Э.А. «Эмгек» партиясындагы талапкер Р.у.Т. берген көрсөтмө менен 2-муниципалдык территориалдык аймактагы жашоочуларга ар бир добуш үчүн 1000 сомдон акча таратып жаткан», – деп айтылат маалыматта.

К.Э.А. текшерүүгө алынганда жанынан таратуу үчүн даярдалган 10 миң сом жана акча алганы туралуу белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган. УКМК тергөө иштерин улантат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: