Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун кол менен эсептөөдөн кийинки алдын ала жыйынтыгы

5 896

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки алдын ала жыйынтыгын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялады. Белгилей кетчү нерсе, инфографикадагы бул көрсөткүчтөр шайлоонун акыркы жыйынтыгы болуп эсептелбейт.

Массалык мыйзам бузуулардан улам 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо өтүп жатат.

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: “Ата-Журт — Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун “Жаңы мезгил” партиясы, “Эмгек”, “Замандаш”, “Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандагы жашылдар партиясы, “Ишеним”, “Айкөл Кыргызстан”, “Туран” демократиялык партиясы, “Социал-демократтар”, “Реформа”, “Келечек — Будущее”, “Столица” демократиялык партиясы, “Өнүгүү — Прогресс”, “Улуу-Журт”, “Ынтымак”, “Биздин эл”.

Аймактык шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыкты 24-июлга чейин чыгарышы керек.

12-июль, саат 09:49га карата маалыматтар:

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь