Көзү азиз спортчу айым Токио Паралимпиада оюндарына лицензия утуп алды

121

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алды.

Спортчу айым көзү азиздер арасындагы парадзюдо боюнча мелдеште 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Бул Кыргызстандын Паралимпиада оюндарына алган экинчи жолдомосу. Буга чейин биринчи жолдомону ядрону алыстыкка ыргытуу боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов жеңген.

Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Мелдештер 24-августта башталып, 4-сентябрга чейин созулат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь