Москвадагы “Кузьминки” метро станциясынын жанында мигранттардын массалык мушташына катышкандар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, “Кузьминкидеги” мушташтан кийин 103 адам полиция кызматына жеткирилген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин борбордук штабы билдиргендей, мушташтын катышуучулары соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылат. Мындан тышкары аларга административдик айып салынып, айрым жарандардын Орусияга келишине тыюу салынат.

Буга чейин Москва шаарындагы “Кузьминки” метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: