Ошто беш партия шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда

5 778

Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия АШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Улуу-Журт» партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев билдирген.

Арызды баштапкы жыйынтык боюнча мандат албай калган «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Келечек-Будущее», «Нур» жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган «Ынтымак» партиясы жазган.

«Шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталды. Ар бир партияда далилдер бар. Териштирсе көрсөтүп беребиз. Президент Садыр Жапаров Оштун мэрине шайлоону таза өткөрүү боюнча тапшырма берди эле. Аны аткара алган жок», — деди Орозбаев.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу комментарий бере элек.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь