Америка университетинин экс-президенти өлкөдөн чыгарылмай болду

125

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинсти Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу беренелери менен күнөөлүү деп тапты. Ага 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарды,

Качинс менен анын адвокаты азырынча расмий комментарий бере элек.

Ал ушул жылдын апрель айында милицияга суракка чакырылган жана көп өтпөй ага кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Университеттин жетекчилиги, окутуучулары жана айрым студенттер муну Качинске карата туура эмес мамиле, “чаташкан окуя” деп сыпатташкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь