Кыргызстан Кытайдын жардамы менен COVIDге каршы вакцина чыгаруучу завод курушу мүмкүн

93

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» деп аталган Пекин маданият алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча завод куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

«Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», – деди Жылдыз Бакашова.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь