Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Чыракчы районунда 3 адамдын өмүрү кыйылган трагедия болду. «Daryo» басылмасынын маалыматы боюнча, 1-июлда таңкы саат 05:00 чамасында жүрүп келе жаткан поезддин алдына аял киши 2 баласы менен кошо секирген.

Бул үй-бүлө Чыракчы районунда жашап турган. Маркум келиндин күйөөсү Россияда эмгектенет. Кайындары менен урушкан келин өзү менен кошо 2 баласынын өмүрүн кыюуга барган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 2 же андан көп адамды атайылап өлүмгө түртүү беренеси менен иш козголгонун билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: