Ысык-Көл облусунун жайлоосунда үй-бүлөсү менен эс алууга келген Орусиянын 29-жаштагы жараны жоголуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 16-июлда Орусиянын жараны (К.А.В.) арызы менен Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган. 15-июлда анын үй-бүлөсү (5 адам) Каракол – Алакөл жайлоосуна көпүрөдөн өтүп, отун алып келүү үчүн барышкан, анын 1992-жылы туулган кызы көпүрөнүн аркы өйүзүндө калган, натыйжада ал дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине Ак-Суу районунан 12 куткаруучу, Каракол шарынан 5 куткаруучу, ошондой эле райондук ички иштер органдарынан 15 кызматкер тартылган.

16-июлдагы издөө натыйжа берген эмес, издөө иштери бүгүн дагы уланууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: