Лейлекте Тажикстанга аткезчилик жол менен жүк ташып бараткан унаа кырсыкка учурады (Видео)

173

Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жол менен көмүр жүктөп, Тажикстанды көздөй бара жаткан КамАЗ оодарылып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу чек арадан сырткары жолдон өтүүнү каалаган.

«Айдоочу Тажикстанды тоолор аркылуу айдап өтүүгө аракет кылып, оодарылып кеткен. Бул аткезчиликтин кесепеттери. Мунун бардыгы чек арачылардын жанында болду , унаа алардын маңдайынан өтүп кетти окшойт », – дейт жергиликтүү тургун.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь