Бүгүн, 22-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1169 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирдди.
Жаңы катталгандар:
– Бишкек шаарында — 760 адам;
– Чүй облусунда — 132;
– Баткен облусунда — 76;
– Ош облусунда — 31;
– Ысык-Көл облусунда — 52;
– Жалал-Абад облусунда— 76;
– Ош шаарында — 13;
– Талас облусунда — 12;
– Нарын облусунда — 17.
Акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан 12 бейтап көз жумду.
Кыргызстанда жалпы 153 878 адам коронавирус менен катталган.