Бүгүн, 24-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1147 адамдын анализинин жыйынтыгында коронавирус тастыкталды.
Алар:
– Бишкек шаарында — 661 адам;
– Чүй облусунда — 153 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 95 адам;
– Баткен облусунда— 73 адам;
– Ош облусунда — 59 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 52 адам;
– Нарын облусунда — 26 адам;
– Талас облусунда — 20 адам;
– Ош шаарында — 8 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 156 152 адамга коронавирус жуккан.