Бишкекте №78 мектептин директору каза болду

196
ишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Мурат Жумалиев каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта жазылгандай, ал кечээ, 25-июлда каза болгон. Мугалимдин өлүмүнө эмне себеп болгону ачыкталган эмес.
Мурат Жумалиев өмүрүнүн 39 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Ал №78 гимназия мектебине 2020-жылдын август айынан баштап директорлук кызматка дайындалган.
Буга чейин Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияны, №85 мектепти жетектеген.
Жумалиев эмгек жолунда “Билим берүүнүн отличниги” наамына татыган жана бир катар мекемелердин мактоо баракчалары менен сыйланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь