БШК “Биздин Кыргызстан” партиясын Ош шаарындагы шайлоодон четтетти

5 832

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди бүгүн, 26-июлдагы отурумунда кабыл алды. 

Арыздарды кароо боюнча жумушчу топ «Биздин Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарууну жана шайлоо бюллетендерин жараксыз деп табууну сунуштады.

Жумушчу топтун өкүлү Медина Кутбердиева талапкерлердин тизмесин жокко чыгарууга саясий партиянын жетекчилигинин же кызматкерлеринин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин бузулушуна түздөн-түз тиешеси бар экендигин билдирди. Ошондой эле партиясынын өкүлдөрү добуштарды сатып алуу шайлоодон четтетүүгө себеп болгонун айтты.

«Шайлоо дайындалган учурдан тартып добуштарды сатып алууга тыюу салынат. Талапкерлер же алардын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуу болгон учурда шайлоо комиссиялары укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. Алардын маалыматын угуп, жумушчу топ партиялык тизмени каттоону жокко чыгарууну сунуштады»,- деди Кутбердиева.

11-июлда өткөн шаардык Ош шаарында кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы 7 пайыздык чектен өткөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, БШКга жиберген болчу.

17-июлда «Биздин Кыргызстандын» негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы болгон пикирин социалдык тармактар аркылуу билдирип чыккан.

Ал билдирүүсүндө Ош шаардык кеңешиндеги ийгилиги айрым адамдарга жакпаганын, учурда шайлоодон четтетилсе да таң калбай турганын белгилеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь