Садыр Жапаров эмне үчүн көз айнегин чечпей тагынып жүрөт? Президенттин басма сөз кызматы комментарий берди

369

Президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаров акыркы учурда эмне үчүн көз айнек тагып, ал тургай  үйдүн ичине чейин күн көз айнегин такай чечпей тагынып жүргөнүнү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттиги кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жакында көзүнө операция жасалгандыгына байланыштуу, көз айнекти жабык жайларда кийүүгө аргасыз болууда”, – деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардын колдонуучулары акыркы мезгилде президент көз айнегин чечпей жүргөнүн байкашкан. Ал коронавируска каршы вакцинаны алганда жана бүгүн „Кыргызалтын Ювелирпром” ЖЧКсынын жетекчиси менен жолугушуу учурунда да көз айнегин тагынып жүргөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь