Таласта жол кырсыгынан бир нече адам жабыркады (Сүрөт)

143

Таласта кырсыктан жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Талас-Тараз унаа жолунун 53-чакырымында (Кичи Кировка айылы) “Ауди С-4” жана “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен төрт эркек жана үч аял жаракат алышкан. Учурда алардын өздүктөрү такталууда.

Куткаруучулар жабыркагандарды унааларынан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь