Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

100

Судьяларды тандоо кеңеши жергиликтүү сотторундагы бош кызмат орундарына дайындоо үчүн 6 талапкерди сунуштаганБул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров бардык 6 талапкерди жактырып, мамлекет башчы аларды судьялык кызматтарга дайындоо жөнүндө жарлык чыгарды.

6 судья дайындалган жергиликтүү соттор:

— Ысык-Көл облусу:

Ак-Суу райондук сотуна Маматкулов Русланбек Темиркулович;

Балыкчы шаардык сотуна Мамбетова Чинара Сталбековна дайындалды.

— Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна Чоткараев Тилек Устабаевич дайындалды.

— Талас облусу:

Талас облустук сотуна Султаналиева Айнура Кенжебековна дайындалды.

— Баткен облусу:

Баткен облустук сотуна Пазылов Мамасаит Мамытович дайындалды;

— Бишкек шаары:

Биринчи май райондук сотуна Жумагулова Жылдыз Таалайбековна дайындалды.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь