Ошто эки аял сууга чөгүп каза болду

160

Ош – Араван каналына эки аял чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Ош облусунун Мамакеев санаториясынын аймагында Ош-Араван каналына 3 аял киши (аты жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те төрт куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин эки адамдын сөөгү чыгарылган. Ал эми 15 жаштагы Н.К.Н. аттуу өспүрүм куткарылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь