Кыргызстанда акыркы 24 саатта 16 миң 358 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14 миң 412 киши биринчи доза менен, 1 миң 946сы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди.
Жалпы республика боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин 380 миң 971 адам, ал эми экинчи компонентин 111 миң 619 адам алды.