Бишкекте оңдоо иштери үчүн беш көчө жабылат

126

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, 30-июлдан баштап шаардын беш көчөсү оңдоо иштери  үчүн жабылат.

Оңдоо иштери Шабдан Баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Миң- Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик бөлүгүндө башталат. Айдоочулар бул бөлүктү Сатыбалдиев көчөсү аркылуу айланып өтсө болот.

Ошондой эле Турусбеков көчөсү  Боталиев көчөсүнөн тартып Ташкентский көчөсүнө чейинки узундугу 1200 метр болгон бөлүгү оңдолот. Курулуш маалында Манас проспектиси менен Махатма Ганди көчөсү альтернативдик көчөлөр болуп саналат.

Узундугу 846 метр болгон Тимур Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин дагы жаңылануу күтүп жатат. Айдоо үчүн альтернативдүү көчөлөр – Соң-Көл жана Казиев көчөлөрү. Ал эми Маликов көчөсү Гагарин  көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин оңдолот. Репин көчөсү альтернативдүү жолго айланат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 29 көчөдө жумуш жүрүп жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь