Бишкектин вице-мэри 25-сентябрга чейин камакта калтырылды

79
Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 27-июлундагы чечими менен шектүүгө 25-сентябрга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда алынган 6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь