Бишкек мэриясы спорттун эл аралык чебери Кенешбеков Нурсултанды сыйлады

75

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов спорттун эл аралык чебери Кенешбеков Нурсултанды жана анын машыктыруучусун Чокоев Сатыбекти сыйлады.

Спорттун эл аралык класстагы чебери, С. Джуманазаров атындагы Биринчи май районунун Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Кенешбеков Нурсултан 100 000 сомдук сертификат менен, анын машыктыруучусу СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучу Чокоев Сатыбек 50 000 сомдук сертификат менен сыйланышты.
Спортчуларды сыйлоо Олимпиадалык оюндарга жөнөөр замат уюштурулат,  ал убакытка чейин лицензия ээлери оор эпидемиологиялык абалына байланыштуу карантинде болушат.

Буга чейин мэр спортчу Бекдөөлт Расулбековду жана анын машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовду сыйлаган.

Нурсултан Кенешбеков – Туркия Чемпионатынын жана Өзбекстан Кубогунун  жеңүүчүсү, көптөгөн эл аралык мелдештердеги байгелердин ээси. Сатыбек Чокаев –  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ал эми Кенешбеков Нурсултан олимпиалык оюндарга  2021-жылынын 28-июлунда учат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь