Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчиси М.Иверсенди кабыл алды

83

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин приоритеттүү багыттары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өркүндөтүү чаралары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы дагы бир жолу кыргыз элинин жана өзүнүн атынан Германиядагы суу ташкындарынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

Садыр Жапаров Моника Иверсендин биргелешкен кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-герман саясий диалогун өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы каржылык жана техникалык кызматташтыкка кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Президент Германиянын Кыргыз Республикасынын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин өзгөчө белгилөө менен кыргыз тараптын мындан ары эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди. Кыргызстан Европалык Бирлик менен кызматташууда ар дайым Германиянын колдоосуна ээ болуп келген.

«Кыргыз тарап Германия менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык потенциал абдан чоң. Өзгөчө санариптештирүү, айыл чарба, туризм, энергетика, тоо-кен чөйрөлөрү зор кызыгууну жаратат», – деп кошумчалады президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Германиянын саясий фонддору менен коопсуздук, региондук кызматташуу жана ошондой эле билим берүү маселелери боюнча иштешүүнү улантарын белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь