Күйөсү аялын өлтүрүп. Чүйдө ата-энесинин үйүнө барган жигит үрөй учурган окуяга туш болгон

359

Чүй районунда аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Чүй РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү учурунда каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1958-жылы туулган Т.С. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөндө жаракаттар байкалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча
катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.

Териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы Т.А. ата-энесинин үйүнө келгенде апасынын жансыз денесин көргөнү маалым болгон.

Ошондой эле ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү — 1957-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь