Шайлоонун жыйынтыктары. БШК “Биздин Кыргызстан” партиясы боюнча соттун чечимине каршы даттанат

5 872

БШК Бишкек административдик сотунун “Биздин Кыргызстан” партиясы боюнча чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шилдабекова билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана шайлоочулардын добуштарын жокко чыгаруу чечими келип түшкөн арыздардын негизинде кабыл алынган.

“Биз туура чечим чыгардык деп эсептейбиз, ошондуктан биз апелляциялык арыз беребиз”, – деди Нуржан Шилдабекова.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь