Ысык-Көлдө “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы тартылууда

116

Учурда “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартуу иштери жүрүп жатат. Тасма Ысык-Көл облусунун аймагында тартылууда.

Тасмада башкы ролдорду жалаң кесипкөй, таланттуу артисттер ойношот. Марат Алышпаев, Темирлан Сманбеков, Калипа Сейдалиева, Альбина Имашева, Аскат Сулайманов, Эшенкул Барпиев, Азиз Мурадиллаев, Нурлан Салидинов…
Актерлор менен иштешүүнү кыргыз драма театрында бир канча жылдан бери «Манастын уулу Семетейди» коюп келген режиссёр Эгемберди Бекболиев, эл аралык кино стандартка ылайыктоо жагын казак кино режиссёру Дастан Кожахан уюштурмакчы.
Тасманы жаратуучулардын айтымында бул долбоор, 6 мамлекеттин киночулары биргелешип тартуучу эл аралык ири долбоор болмокчу, алгач эки жарым сааттык кинофильм вариантын көптөгөн өлкөлөрдүн кино театрларына коюп, андан кийин 10 сериялуу вариантын эл аралык теле каналдарга сунуштоо пландалууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь