Өкм министри Сербиянын ички иштер министри менен жолукту

79
КРнын Өкм министри Бообек Ажикеев Сербия Республикасынын ичики иштер министри Александр Вулин менен жолукту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы өзгөчө кырдаалдар жаатында кызматташууну өркүндөтүү, жакшыртуу боюнча пикир алмашуу орун алды.
Александр Вулин эки өлкө ортосундагы өзгөчө кырдаалдар жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу министр Бообек Ажикевдин демилгесине ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу эки тараптуу кызматташууну жаңы тепкичке көтөрөөрүн, өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу башкарууну жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга жакшы натыйжа берээрин баса белгиледи.
Ички иштер министри Александр Вулиндин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын ӨКМ министри Бообек Ажикеев Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген качкындарды кабыл алуу лагеринин иши менен таанышып чыкты. Министр ошондой эле 2012-жылы түзүлгөн орус-серб гуманитардык борборунун иши менен таанышты.
Министр Бообек Ажикеев өз кезегинде Сербия Республикасынын Ички иштер министри Александр Вулинге жылуу кабыл алуусу жана Сербия-Россия гуманитардык борборунун иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь